Нарындагы Ж.Чолпонбаев мектебине убактылуу директор келди (фото)

Нарындагы Ж.Чолпонбаев мектебине убактылуу директор келди (фото)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Жапар Чолпонбаев атындагы орто мектебинин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп Кыдыралиева Анара Тойматовна дайындалды. Мектептин мурдагы директору Р.Өмүрова өз каалоосу менен кызматтан бошогон.

А.Кыдыралиева 1969-жылы Ак-Талаа районунда төрөлгөн. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин аяктап, эмгек жолун 1991-жылы Ат-Башы районундагы Талды-Суу мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган.

1993-жылы Нарын шаарындагы Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебине келип иштеген. 2007-жылы мектепте тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 2011-жылдан баштап окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп келген.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын шаардык, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана облустук администрациянын Ардак грамоталары менен сыйланган. «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси. Эки жолу «Жылдын мыкты мугалими» наамын алган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up