Ат-Башыда муз үстүндөгү таймашта Боогачы орто мектебинин командасы Кубокту жеңип алды

Ат-Башыда муз үстүндөгү таймашта Боогачы орто мектебинин командасы Кубокту жеңип алды

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун муз аянтчасында окуучулар арасында муз үстүндө шайыр, шамдагайлар таймашы өттү. Иш-чара райондук билим берүү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын максаты – жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана зордук зомбулукту болтурбоо. Мелдешке 8 команда катышып, ал эстафета түрүндө өттү жана катышуучулар 4 тапшырма аткарышты.

Таймаштын жыйынтыгында Боогачы орто мектебинин командасы 1-орунга ээ болуп, Кубок, грамота менен сыйланды. Калган командаларга жана автивдүү катышкан оюнчуларга баалуу белектер берилди. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up