Кош-Дөбөдөгү мектепте англис тили боюнча сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (фото)

Кош-Дөбөдөгү мектепте англис тили боюнча сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (фото)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов орто мектебинин англис тили мугалимдери 12-февралдан 17-февралга чейин республика аймагында жарыяланган англис тили жумалыгынын алкагында ар кандай иш-чараларды өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 10-11-класстар арасында «doodle contest» аттуу сүрөттөр боюнча тапшырмалар берилип, 5-класстар ортосунда «Мен жана ата-энем англис тилди жакшы билебиз» аталышындагы сынак уюштурулду.

Иш-чаранын максаты – ата-энелерди англис тилин окууга кызыктыруу жана ошону менен бирге үйдөн балдарына жардам берүүгө көнүктүрүү.

Сынакта 3 тапшырма берилди:
1. Текст боюнча сүрөт тартуу;
2. Чуркап барып жазуу
3. Китепте берилген көнүгүүлөрдү иштөө.

Жыйынтыгында 1-орунду Жуманазарова Мүрөк менен апасы Матаева Гүлбарчын, 2-орунду Бегаалы кызы Айдана менен апасы Өмүрбекова Элиза жана 3-орунду Карыпбеков Козубек менен апасы Кадыржанова Перизат алышты. Соңунда катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up