Жети-Өгүздүн Жеңиш айылындагы мектепте элдик педагогика боюнча облустук семинар өттү (фото)

Жети-Өгүздүн Жеңиш айылындагы мектепте элдик педагогика боюнча облустук семинар өттү (фото)

Билим АКИpress - 16-февралда Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылындагы Бейшенбек Үкүев атындагы орто мектебинде «Элдик педагогика окуу-тарбия процессинде» деген темада облустук семинар болуп өттү.

Семинарга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Э.Усенова, облустук билим берүү институтунун директору К.Шарипов жана усулчулар, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары У.Далиев, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана мектеп директорлору катышты.

Иш-чарада улуттук маданияттын асыл мурастарын окуу-тарбия процессинде колдонуу менен элдик педагогиканын маанисин ачып берүү максатында тарбиялык сааттар, ачык сабактар, мастер-класстар жана мектептин базасында бала бакчанын тарбиялануучулары тарабынан «Балага ат коюу жөрөлгөсү» аттуу кече өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө Б.Үкүев атындагы орто мектебинин тарыхый музейи жана Б.Бегдылдаев атындагы аскердик даңк музейи менен тааныштыруу болду. Ошондой эле, окуучулардын күчү менен даярдалган «Маңкуртчулук — жан дүйнөнүн жардылыгы» деген темадагы иш-чарада Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан үзүндү көрсөтүлүп, эне тил жөнүндө ырлар көркөм окулду.

Катышуучулар тарабынан семинар тууралуу пикирлер айтылып, ал жогорку деңгээлде өтүлгөндүгүн белгилешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up