Ак-Муз айылындагы Боогачы орто мектебинде тарых жумалыгы өттү (фото)

Ак-Муз айылындагы Боогачы орто мектебинде тарых жумалыгы өттү (фото)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылындагы Жакыпбек уулу Боогачы орто мектебинде 12-февралдан 17-февралга чейин тарых жумалыгы өткөрүлдү.

Жумалыкта кыргыз элинин жолун чагылдырган ачык сабактар уюштурулуп, дубал гезиттер илинди. 8-класстын окуучулары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» чыгармасын жана 9-класстын окуучулары «Биринчи мугалим» чыгармасын сахналаштырып коюп, кызыктуу маалыматтарды окуучулар менен бөлүштү.

Иш-чарага уюштуруучу Абдыбеков Байыш, окуучулар, мектептин директору, окуу бөлүм башчысы жана тарыхчы мугалимдер күбө болушту.

Тарых жумалыгынын алкагында тарых мугалими Молдобаева Айзат 10-«А» жана 10-«Б» класстын окуучулары ортосунда «Моңголия жана Кыргызстан» деген темада таймаш түрүндөгү ачык сабагын өттү. Таймаш 4 этап менен өтүп, окуучулар мугалим даярдаган суроолорго жооп берип, тест тапшырып, тарыхый инсандардын сүрөттөрү менен маалымат беришип, хронологиялык таблица боюнча жылдар менен окуяларды дал келтирүү тапшырмаларын аткарышты.

«Сабактын максаты — тарыхыбызды дагы тереңдетип билүү жана алган билимибизди көрсөтүү», - дейт 10-класстын окуучуларынын бири.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up