Жаңы-Тилек айылынын С.Жусупбаев орто мектебинде Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

Жаңы-Тилек айылынын С.Жусупбаев орто мектебинде Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

Билим АКИpress - Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинин окуучулары 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата жергиликтүү тургундарга аскердик концерт тартуулашты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, 22-февраль күнү аталган мектептин жогорку класстарынын окуучулары Ата Мекенди коргоочуларга арнап концерт тартуулап, аскердик көнүгүүлөрдү, марш басуу, мекенчилдик сезимдеги ырларды аткарып беришти.

Иш-чарага катышкан айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпов жалпы Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын майрамы менен куттуктап өттү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up