Ак-дөбөлүк окуучулар менен Талас облусунун жетекчисинин биринчи орун басары жолугушту

Билим АКИpress - Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айыл аймагынын жаштар борборунда жогорку класстын окуучулары Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Осмонбеков Канымет Бийзакович менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Каныбек Осмонбеков өзүнүн турмуштук тажрыйбасы, кызматтык карьерасы жана жашоодогу ийгиликтери менен бөлүшүп, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп берди жана жаштар арасында болуп жаткан актуалдуу көйгөйлөр боюнча оюн билдирди.

Жолугушуунун демилгечиси Кайрат Сагынбаевдин айтымында, иш-чаранын максаты — ийгиликтүү инсандардын жаштар менен ачык баарлашуусу аркылуу жаштардын алдыга умтулуусун, билим алууга болгон кызыгуусун күчөтүү жана сергек жашоо образынын калыптануусуна дем-күч берүү. «Ар тармактын ийгиликтүү инсандары менен жаштардын жолугушуусу дагы да уланмакчы», - деп кошумчалады ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up