Ак-талаалык окуучулар райондук «Манас таануу» таймашында күч сынашты

Ак-талаалык окуучулар райондук «Манас таануу» таймашында күч сынашты

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын райондук тандоо туру өттү. Анда тандалып келген 12 команда күч сынашты.

Иш-чаранын максаты — «Манас» эпосун эл арасына жайылтуу. Таймашты «Келечек» телестудиясы уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө команданын мүчөлөрү калыстар тарабынан берилген суроолорго жооп беришип, «Манас» эпосу боюнча алган билимдерин таразалашты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунга Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектебинин «Айкөл Манас» командасы, 2-орунга Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин «Аян» командасы, 3-орунга Кара-Ой айылындагы Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин «Жетиген» командасы ээ болду. Жеңүүчүлөргө Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up