Э.Токсобаев мектебинин окучулары «Манас таануу» таймашынын жеңүүчүсү болушту

Э.Токсобаев мектебинин окучулары «Манас таануу» таймашынын жеңүүчүсү болушту

Билим АКИpress - Нарын районундагы К.Абиров атындагы орто мектебинде «Манас таануу» телетаймашынын райондук туру өтүп, ага тандалып келген 13 команда катышты. Иш-чара «Келечек» телестудиясы менен Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан өткөрүлдү.

Таймашка «Манас таануу» телетаймашынын редактору Нурбек Талантбеков жана манасчылар Азиз Биймырза уулу менен Азамат Жусупов калыстык кылышкан. Команда мүчөлөрү калыстар тарабынан берилген тапшырмаларды кылдаттык менен аткарышып, суроолорго так жооп берүү менен мыкты даярдыкта экенин көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 1-орунга Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин «Гүл баян» командасы, 2-орунга Алыш орто мектебинин «Айкөл Манас» командасы жана 3-орунга С.Керимбаев орто мектебинин «Ак бата» командасы татыктуу болушту. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана облустук турга катышууга жолдомо берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up