Нарындагы М.Субакожоев мектебинин окуучулары арасында сынак уюштурулду

Нарындагы М.Субакожоев мектебинин окуучулары арасында сынак уюштурулду

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы мектеп-лицейинде 10-11-класстардын окуучулары арасында «Милдет, намыс, Ата Мекен» аттуу сынак болуп өттү. Сынак Нарын шаардык аскер комиссариаты менен Ооган, Баткен согушунун ардагерлери тарабынан өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар аскердик даярдыктардын алгачкы баскычы болгон сапка туруу, басуу, катарда басып ырдоо тапшырмаларын аткарышкан. Ошондой эле, автоматты чачып-жыйноо, чоюн көтөрүү көнүгүүлөрүн көрсөтүшүп, майрамга карата чыгарылган дубал гезиттерди жактап беришти.

Сынактын жыйынтыгы менен калыстар тобу мыкты даярдыгын көрсөткөн айрым окуучуларга уюштуруучулар тарабынан даярдалган баалуу сыйлыктар менен грамоталарды тапшырды. Аталган окуу жайдын окуучулары жыл сайын өткөрүлгөн сынактарда алдыңкы орундарды багындырып келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up