Ысык-Атадагы Ж.Алыбаев орто мектебинде «Коопсуз мектеп» комитети ишке кирди

Ысык-Атадагы Ж.Алыбаев орто мектебинде «Коопсуз мектеп» комитети ишке кирди

Билим АКИpress - Ысык-Ата районундагы Өтөгөн айылына караштуу Ж.Алыбаев атындагы орто мектебинде «Коопсуз мектеп» комитети ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу «Жаштар» парламентинин мүчөсү жана «Адам укуктары жана гендердик теӊчилик» комитетинин төрайымы Жолдошбекова Айтурган билдирди.

«Мен 2017-жылы аталган орто мектебин бүтүрүп, учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда укук жана башкаруу факультетинин 1-курсунун студентимин. 11-классты аяктап жаткан мезгилде «Жаштар парламенти - 2017» долбоорунун мүчөсү болуп кирген элем. Учурда ал жакта «Адам укуктары жана гендердик теӊчилик» комитетинин төрайымы болуп эмгектенүүдөмүн.

Жакында эле Жаштар парламентинин директору Назгүл Жолдошева, «Демократияны колдоо» фондунун кызматкери Улдана Шамил кызы менен бирдикте «Коопсуз мектеп комитети» долбоорун ачып, эӊ алгач өзүмдүн окуп бүткөн мектебимде пилоттук комитет түптөлдү», - деди ал.

Комитеттин максаты:

1. Мектеп парламентине Омбудсмен аппаратын түзүү менен мектеп окуучуларынын укуктары жана милдеттери тууралуу билимдерин жогорулатуу;

2. Элет кыздарынын укугун коргоо менен зомбулукка каршы туруу.

Омбудсмендин функциясы:

- Мектеп окуучуларынын арыз-даттанууларын кабыл алып, чечүү жолдоруна багыт берип, зомбулукка кабылган окуучуларга жардам көрсөтөт. 1-4-класстын, 5-8-класстын, 9-11-класстын окуучулары омбудсмен боло алат.

Омбудсмендин 4 сектору бар:

1. Маалымат сектору (окуучулардын иштерин жана өтүлгөн иш-чараларды интернет сайттарга чыгарып турат);

2. Укук бузуулар (мектеп окуучуларынын тарбиясын карайт);

3. Маданий сектор (укук темасында иш-чара өткөрөт. Мисалы: трениг, тегерек стол, диско-дебат ж.б);

4. Арыз-даттануулар (окуучулардын арыз-даттанууларын карап, маалымат жана кеӊеш берет. Окуу бөлүмүнүн башчысына чейин кайрылып, маселени чече алышат).

Жаш активисттин айтымында, бул комитет азыркы учурда Жапаркул Алыбаев атындагы орто мектебинде пилоттук болуп түзүлүп, мониторинг жүргүзөт. Эгер комитет жакшы иштеп, жакшы жыйынтык көрсөтө алса башка мектептерде да коопсуз мектеп комитети ачылат.

«Бул комитет түзүлгөндөн кийин мектеп окуучуларынын жашоосу жакшырат. Себеби мектепте коопсуздук пайда болот: зомбулук азаят, окуучулар өз укуктары жана милдеттери тууралуу билим ала башташат, мектеп уставындагы укук, милдеттерин үйрөнүшөт. Ошондой эле, мектеп парламентинде гендердик теӊчилик болот. Окуучулар дагы бири-бирин сыйлап жана мүмкүнчүлүктөрү теӊ болот. Мындай комитетти Кыргызстандын баардык мектептеринде ачуу максатыбыз бар. Ушул комитеттин негизинде Ж.Алыбаев атындагы орто мектебинде омбудсмен болуп Аманова Асел шайланды. Ал эми жардамчысы Бөлөкбаева Жазира болду», - деди А.Жолдошбаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up