Мектепке хиджаб кийип барууга болобу? (Билим берүү министрлигинин жообу)

Мектепке хиджаб кийип барууга болобу? (Билим берүү министрлигинин жообу)

Билим АКИpress - Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 26-февралда Билим АКИpress сайтынын «Кыргызстандын мектептерине хиджаб кийип барууга болобу?» деген суроосуна жооп берди.

«Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим берүү жана тарбиялык ишмердүүлүгү КРнын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт. Мыйзамдын 4-беренесинде билим берүүчү уюмдун «билим берүүнүн диний институттардан көз карандысыздыгы» деген негизги принциптери жана билим берүү уюмдарында окутуунун динден тышкаркы мүнөзү көрсөтүлгөн.

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтому менен Кыргызстандагы билим берүү уюмдарында мектептик фоманын бирдиктүү талабы бекитилген. Анда мектеп окуучулары үчүн бир түстөгү (кара, көк, боз жана кочкул кызыл) кездемеден тигилген классикалык стилдеги форма каралган.

Балдар үчүн мектептик форма 3-4 бөлүктөн турат: көйнөк, желетке, шым жана бешмант, ал эми кыздар үчүн форма 2-6 бөлүктөн турат: кофта, желетке, юбка, шым, көйнөк, фартук же бешмант.

Бекитилген бирдиктүү талаптарга ылайык, жалпы билим берүүчү уюм ата-энелер менен биргеликте мектептик форманы өз алдынча тандайт».

1433764.1.1519616065

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up