Баткен районунда окуучулар билим сынашты

Баткен районунда окуучулар билим сынашты

Билим АКИpress - Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы Тургунбай Садыков мектебинде «Жаштар деми» клубу Аймактарды өнүктүрүү жылына карата райондогу 5 мектеп арасында «Брейн-ринг» акыл таймашын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мектептин 9-классынын окуучусу Жаңылай Шамсиддинова билдирди.

Таймашта окуучулардын билим деңгээлин өнүктүрүү үчүн атайын логикалык, предметтик жана татаал суроолор берилди. Иш-чаранын негизги максаты — окуучулардын активдүүлүгүн, билим деңгээлин жогорулатуу.

Жыйынтыгында 1-орунду Т.Садыков мектеби, 2-орунду К.Тагаев мектеби жана 3-орунду «Рават» мектебинин окуучулары камсыз кылышты.

Алдыңкы орундарга ээ болгон командаларга белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up