Комузун колунан түшүрбөгөн Чынболот Нурак Абрахманов сыяктуу дүйнө жүзүнө белгилүү комузчу болууну кыялданат

Комузун колунан түшүрбөгөн Чынболот  Нурак Абрахманов сыяктуу дүйнө жүзүнө белгилүү комузчу болууну кыялданат

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы үлгүлүү, өнөрлүү окуучулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эсенгулов Чынболот Сүйүндүкович.

Чынболот 2000-жылдын 25-ноябрында Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагында жарык дүйнөгө келген. 4-классынан комузга кызыгып, ошол убактан бери комузун колунан түшүрбөйт. Райондук, облустук, республикалык сынактара өнөрүн көрсөтүп, байгелүү орундарды багындырып келет.

Учурда ал Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу. Окуудан тышкары Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде билим алат. Мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, Нурак Абрахманов сыяктуу дүйнө жүзүнө белгилүү комузчу болууну кыялданат.

Чынболот үй-бүлөдө төрт бир туугандын кенжеси.

Жазган: Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Бегайым

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up