Таластагы К.Нанаев орто мектебинде сармерден өттү

Билим АКИpress - Кечээ, 25-февралда Талас районуна караштуу Арал айылынын К.Нанаев орто мектебинде 8-класстын окуучулары арасында сармерден болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучу Элвира Тилекова маалымдады.

«Биздин окуучулар экиге бөлүнүп, ыр-бий аткарып, макал-лакап айтышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Эң кызыгы, катышкан кыздар жигиттерге белектерин беришти. Жыйынтыгында күчтүүлүгү жана шайырлыгы менен жигиттер тобу жеңишке жетишти», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up