Жаш төкмө акын Сыймык «Эр жигит — 2018» сынагынын жеңүүчүсү аталды

Жаш төкмө акын Сыймык «Эр жигит — 2018» сынагынын жеңүүчүсү аталды

Билим АКИpress - 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Исфана шаарынын борбордук Маданият үйүндө «Эр жигит — 2018» сынагы болуп өттү. Аталган сынакка 9 айыл өкмөтүнөн мырзалар катышып, ар кандай багытта күч сынашты.

Жыйынтыгында Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Суу-Башы айылындагы «Курулуш» орто мектебинин 11-классынын окуучусу Шамуратов Сыймык Уланбекович 1-орунду багындырды. Анын айтымында, сынак эң мыкты деңгээлде жана акыйкаттуу түрдө өттү.

Сынактын жеңүүчүсү болгон Сыймыктын төкмөчүлүк өнөрү бар. Ал 2017-жылы «Аруу дүйнө — 2017» сынагынын облустук турунда 1-орунду камсыздаган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up