Таласта облустук олимпиада биринчи жолу онлайн түрүндө өтүп жатат

Таласта облустук олимпиада биринчи жолу онлайн түрүндө өтүп жатат

Билим АКИpress - Таласта предметтик олимпиада биринчи жолу онлайн түрүндө өтүп жатат. Бул тууралуу Талас билим берүү борборунун усулчусу Чолпон Керималиева билдирди.

«Олимпиаданын 1-туру мектептер арасында, 2-туру райондор арасында өткөн. Учурда облустук 3-туру өтүп, ага 12 предмет боюнча 178 окуучу катышууда. Быйылкы олимпиаданын өзгөчөлүгү — көз карандысыз уюмдарга атайын тендер жарыяланып, ошолор тарабынан өткөрүлүп жатат. Олимпиаданы Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жүргүзүүдө.

Информатика сабагынан окуучулардын компьютерде онлайн түрүндө аткарган тапшырмалары Кыргыз-орус славян университетине жөнөтүлөт. Жыйынтыктары кайра бизге онлайн түрүндө келет. Өзгөчөлүгү мына ушунда. Башка предметтер да онлайн түрүндө өтүүдө. Ата-энелер да телефон аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Олимпиада быйыл биринчи жолу онлайн түрүндө өткөрүлүп жатат», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up