Нарындагы аскер бөлүгүндө окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү өттү (фото)

Нарындагы аскер бөлүгүндө окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү өттү (фото)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Тайлак баатыр атындагы аскер бөлүгүндө окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Ага Нарын, Ат-Башы райондорунан жана Нарын шаарынан 250гө чукул окуучу катышты.

Иш-чаранын максаты – окуучуларды Ата Мекенди коргоого чакыруу жана патриоттук аң-сезимди тарбиялоо. Аскердик бөлүмдүн командири Нурлан Асакеев иш-чара 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата өткөрүлүп жаткандыгын айтып, майрам менен куттуктады жана мекенди коргоодо эрдиктери үчүн айрым жоокерлерге жана офицерлерге ардак грамоталарды тапшырды. Ошондой эле, «Азылзат» коомдук фондунун төш белгилери ыйгарылды.

Аскер кызматынын ардагерлери да сөз сүйлөшүп, мекенди коргоодогу ыйык милдетти так аткарууга, париоттуулукка тарбиялоого үндөгөн чакырыктарды таштады. Анын алкагында аскердик машыгуулар көрсөтүлүп, аскердик унаалар, курал-жарактар менен тааныштырылды. Жоокердин жашоосу менен таанышуу максатында жатакана, спорт зал, аскердик ашканада болушуп, аскердик тамак-аштан даам сызышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up