Баткенде быйыл окуучулардын катышуусунда 9 жол кырсыгы катталган

Баткенде быйыл окуучулардын катышуусунда 9 жол кырсыгы катталган

Билим АКИpress - Кечээ, 27-февраль күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы лицейде жана Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинде жол эрежелери жана жол транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков билдирди.

Иш-чарада Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жана жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү окучуларга жол эрежелери боюнча кененирээк маалымат беришти.

Быйылкы жылы мектеп окуучуларынын катышуусунда 9 жол кырсыгы катталып, каза тапкандар болгон эмес.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up