Билим АКИpress: 17 жашында жеке бизнесин түптөгөн Жайнагүл 4 тилде эркин сүйлөйт

Билим АКИpress: 17 жашында жеке бизнесин түптөгөн Жайнагүл 4 тилде эркин сүйлөйт

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — ысык-көлдүк Жайнагүл Ашырахманова. Ал учурда КУУнун студенти. Мектепте эң алдыңкы окуучулардын бири болсо, учурда кол өнөрчүлүк менен алектенип, чакан бизнесин түптөөгө жетишти.

«Мен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуң айылында 1999-жылдын 15-январында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. 6 бир туугандын эң кенжесимин. 8 жашымда атабыздан айрылып калганбыз. Айылдан 6-классымда Бишкек шаарындагы атайын ата-энеси жок кыздар үчүн курулган «Давха» мектеп-комплексине тест тапшырып, бекер окууга өтүп кеттим. Ал жакта 9-класска чейин билим алдым. 10-11-класстарды деле окусам болмок, бирок медицина тармагын үйрөнүшүм керек эле. Бирок менин кызыгуум таптакыр башка тармак болчу.

10-11-классты Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу гуманитардык лицейде кытай тилин өздөштүрүү менен уланттым. Окууну аяктап, ушул эле окуу жайдын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине ийгиликтүү тапшырдым.

Кыргыз жана орус тилдеринен башка 2 тилде (кытай жана араб) эркин сүйлөйм, ошондой эле азыр англис тилин мыкты өздөштүрүүнү каалап жүрөм.

Окуучулук кезде дебаттарга барып, чечендик өнөр менен көптөгөн коомдук иштерге активдүү катышып, өзүмдү ар тараптан өнүктүрүү менен алекмин. КТРКда «Ачык коомдун пикир айтышы», «Жаштар парламенти - 2016», «БУУнун модели», «Парламенттин модели», «Улуттук аялдар конгресси» жана башка ушул сыяктуу иш-чараларга катыштым. Жалпы 30дан ашуун диплом жана сертификаттардын ээси болдум. Бир нече кубоктор менен сыйлангам.

Менин максатым — окуумду ийгиликтүү аяктап, апамдын, бир туугандарымдын, жалпы эле кыргыз элинин сыймыгы болуп, элиме кызмат кылуу. Келечекте мамлекеттик кызматкер болом, ошондуктан элиме кымындай болсо да пайдам тийсе сүйүнөм.

Мен Москва шаарында 3 ай болуп келдим. Быйыл дагы бир өлкөгө барууну пландап жатам. Себеби башка өлкөнүн өнүгүүсүн, маданиятын, каада-салтын, элин-жерин көргөн сайын жаңы маалымат менен жаңы идеялар келет эмеспи. Азыркы заманда эч ким акчадан көз каранды болгусу келбейт. Окуумду бүтүп, мамлекеттик кызматкер болгонго чейин элиме жардам берүү үчүн өзүмдү финансылык жактан камсыз кылып алгым келет.

Мен окуудан тышкары кол өнөрчүлүк менен алектенем жана кол өнөрчүлүктүн бардык түрүнө кызыгам. Жеке ишмердүүлүккө да кызыгам. Былтыр кече көйнөктөрүн ижарага берүүчү «By Jaina» деген дүкөнүмдү ачкам. Ал эми жакында эле «Jaina flowers» аттуу гүл сатуучу дүкөн ачтым. Чынында бул бизнестин мен кирешесине көп деле көңүл бурбайм. Себеби көл өнөрчүлүк — менин хоббим. Кээде кардарларга бекер деле жасап берип коём. «Адамдын фантазиясына чек жок» демекчи, гүлдөрдү ар түрдүү каражаттардан жасайм. Мисалы: кагаз, кездеме ж.б. Жакында жаңы дизайндагы гүлдөрдү сатыкка чыгарам. Азыр алардын үстүнөн иштеп жаткан кезим.

Өсүп келе жаткан муунду татыктуу билим алууга чакырат элем. Окубай туруп жеңил жашоону издеген ини-карындаштарымды көргөндө жүрөгүм ооруйт. Аларга колумдан келген кеңештеримди айтам. Адам баласы жаныбарлардан аң-сезими менен айырмаланат эмеспи, ошондуктан жалындаган жакштык кезде билимге сугарылалы. Ийгилик качан жылмаят деп күтүп жүрө бербейли, ийгилик биздин жасаган иштерибизди көрүп жылмайсын.

Эң алгач мени ушул дүйнөгө алып келген апама жана ата ордуна ата болуп, менин билим алуума шарт түзүп, эч нерседен кем кылбастан ушул күнгө чейин колдоп келишкен бир туугандарыма ыраазычылыгымды билдиргим келет», - дейт ал маегинде.

Жазган: К.Чекиров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Зуура Байызбекова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up