Лейлектеги «Достук» орто мектебинде «Жыл мугалими - 2018» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Билим АКИpress - Лейлек районуна караштуу Достук айылындагы «Достук» орто мектебинде «Жыл мугалими - 2018» сынагы болуп өттү. Сынакка аталган мектептин мугалимдери катышып, төмөнкү багыттар боюнча күч сынашты:

1. Өзүн тааныштыруу;

2. Сабак өтүүдөгү методика;

3. Теманы жактоо (тандалган теманы өз методикасы менен түшүндүрүп берүү);

4. Тест (өз предмети боюнча 14 тест, педагогикалык психология боюнча 12 тест);

5. Кырдаалдан чыгуучу суроолор;

6. Чыгармачылык көргөзмө (сабакта колдонулган көрсөтмө куралдар).

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду кыргыз тили жана адабияты сабагын окутуучу Толубаева Каныгүл багындырды. Ал эми 2-орунду математика мугалими Умарова Жыпарай, 3-орунду башталгыч класстын мугалими Карабаева Орозгүл жана 4-орунду орус тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим Мукарамова Фатима камсыз кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up