Кең-Арал айылындагы мектепте англис тилинде ырдоо боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды

Кең-Арал айылындагы мектепте англис тилинде ырдоо боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды

Билим АКИpress - Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы Аман Арыстанов атындагы орто мектебинде англис тилинде ырдоо боюнча кароо-сынак болуп өттү.

Сынак Американын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып, Кыргызстан англис тили мугалимдер форуму ассоциациясы жана «Sun people» коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылды. Учурда иш-чара ар бир мектепте өткөрүлүп жатат. Сынакта катышуучулар үчүн чектөө болгон жок, өздөрү каалаган англис тилиндеги ырларды ырдашты.

«Мектеп арасындагы сынакта 3 окуучу тандалып, райондук деңгээлдеги сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүн алат. Андан кийин облустук тур болуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылып, катышуучуларга сертификат жана гала-концертке катышуу мүмкүнчүлүгү берилет», - деди Аман Арыстанов атындагы орто мектебинин президенти Азаматов Бектур.

Сынактын жыйынтыгы менен Кылыч кызы Адина жеңүүчү деп табылды.

«Мен сынакка Sanna Nielsen деген ырчынын «Undo» деген ырын ырдадым. Бул ырды 2 күндө жаттадым. Сахнага чыкканда өзүмдү чоң сахнада ырдап жаткандай сездим. Англис тилине абдан кызыккандыктан мен утушум керек деп өзүмдү даярдап чыккам. 1-орунду алганда алдыга умтулуу сезимим күч алды, дагы көп жолу чоң сахналарга чыгып ырдасам деп кыялданып калдым», - деп өз кубанычы менен бөлүштү.

28536296_193101374619336_387210839_n

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up