Ак-Чийдин М.Балбаков атындагы орто мектебинин окуучулары тазалыкты сактоо боюнча таймашка түштү

Ак-Чийдин М.Балбаков атындагы орто мектебинин окуучулары тазалыкты сактоо боюнча таймашка түштү

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинде «Тазалыкты сактай бил» аталышында окуучулар арасында таймаш өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалимдери маалымдашты.

Маалым болгондой, 1-март күнү 6-7-8-класстын окуучулары санитардык гигиенаны сактоо, тазалыкты чагылдырып сүрөт тартуу жана аны жактап берүү, тазалыкты сактоо боюнча иштерди практика жүзүндө көрсөтүп берүү тапшырмаларын аткарышты.

Жыйынтыгында, 1-орунду 8-класстын, 2-орунду 7-класстын окуучулары камсыздап, мектептин дипломдору менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up