С.Жусупбаев атындагы мектепте башталгыч класстардын окуучуларын билимге кызыктыруу үчүн жумалык өткөрүлдү

Билим АКИpress - Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинде башталгыч класстардын окуучулары үчүн жумалык өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалимдери маалымдашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 2-март күнү башталгыч класстардын окуучуларын билимге кызыктыруу максатында оюн-зоок иретинде иш-чара уюштурулду. Алардын аң-сезиминин жогорулашына түрткү бериш үчүн тез ойлонуу, математиканын кызыктары, дүйнө кызыктары, сандуу табышмактар, сандардын талашы, баш катырма, сандар менен ырдоо сыяктуу тапшырмалар берилип, окуучулардын тереңдеп ой-жүгүртүүсүнө өбөлгө боло турчу логикалык оюн-зоок өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up