Ысык-Көлдөгү облустук олимпиадада топтогон упайы дээрлик 7 эсеге кыскартылган окуучунун иши кайра каралды

Ысык-Көлдөгү облустук олимпиадада топтогон упайы дээрлик 7 эсеге кыскартылган окуучунун иши кайра каралды

Билим АКИpress - Ысык-Көлдөгү облустук олимпиадада топтогон упайы дээрлик 7 эсеге кыскартылган окуучунун иши кайра каралды. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына 3-мартта Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы лицейдин окуучусу Тимур Тынычбеков 27-28-февралда физика сабагынан облустук олимпиадага катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгында ага экиге жакын упай жазышкан. Буга нааразы болгон окуучу жана анын туугандары жыйынтыгын кайра карап чыгууну көздөп башташкан. Алар ошондой эле, социалдык тармактарга арызданууларды жазышкан. Алардын айтымында, Т.Тынычбеков былтыр облустук олимпиаданы жеңип алган жана 2018-жылкы олимпиадага даярдыгы жакшы болчу.

Каракол шаарынын билим берүү бөлүмү аталган кырдаал боюнча түшүндүрмө берди. Анын маалыматы боюнча, ата-энесинин арызынан кийин окуучунун ишин кайра карап чыгуу үчүн көз карандысыз эксперттик комиссия түзүлгөн. Комиссия эки турда тең упайлар азайтылганын аныктаган.

Окуучунун бир туугандарынын сөзүнө караганда, упайларды 7 дээрлик эсе кыскартышкан.

Каракол шаарынын билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, аталган окуучу республикалык олимпиадада Ысык-Көл облусунун атынан чыга турган команданын курамына кирет. Ата-энесинин арызынын негизинде упайлар кыскарганына байланыштуу комиссия мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги каралат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up