Ак-Муздагы Боогачы мектебинин 11-классынын окуучулары айылдын келечектеги картасын түзүштү (фото)

Ак-Муздагы Боогачы мектебинин 11-классынын окуучулары айылдын келечектеги картасын түзүштү (фото)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айлындагы Жакыпбек уулу Боогачы атындагы орто мектебинин 11-«Б» классынын окуучулары Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ак-Муз айылынын келечектеги картасын түзүштү.

Картаны жасоо убактысы 12 күнгө созулуп, 7 миң 100 сом каражат сарпталды. Картанын жасалуу чеберчилиги окуучулардын идеясы болуп эсептелет, жалпы аянты 3,24 метрди түзөт. Макетте Ак-Муз айылынын 20 жылдан кийинки өнүгүүсү чагылдырылган.

Алгачкылардан болуп айылдын аталышын чечмелеп турган бийик тоолуу, көк муздуу арка коюлган. Айылдын четине таштандыларды кайра иштетип чыгуучу жана кирпич жасоочу заводдор курулуп, айылдын көркүн ачкан сейил багынын гүлдөгөнү чагылдырылган. Ар бир көчөлөргө асфальт төшөлүп, проекторлор коюлуп, борбордук көчөгө жол чырак да орнотуларын көрө алабыз. Түндүк тарабындагы тоого кышкысын лыжа, чана тээп, ошону менен катар айылга келген конокторго эс алуучу мейманканалар бар. Майда-барат дүкөндөрдү жаап, 3 чоң гипермаркеттерди, экинчи мектепти жана футбол аянтчасын, ошондой эле «Жорго» аталышындагы көк бөрү оюну ойнолуучу стадион да салынары көрсөтүлгөн. Климаттын татаалдыгына карабастан күнөсканалар курулуп, мөмө-жемиштер менен айыл тургундарын камсыз кылуу максат кылынат.

«Биз бул картаны жасоодогу максатыбыз — республикабыздын бардык аймактарын өнүктүрүү жана патриоттуулукка үндөө. Макетти жасоодо өтө кылдаттык жана чоң жоопкерчилик зарыл болду. Пенопласт, краска, пластилин жана башка каражаттарды колдонуп жасап, ламинатка салып, айнек менен жабдылды. Келечек жаштардын колунда дегендей, биз айылыбызды өнүктүрүп, өлкөбүздү алдыга тартабыз деп ишенем. Жасаган эмгегибиз мектеп директору, жалпы мугалимдер жамаатына жана окуучуларга абдан жакты», - деп айтып берди 11-«Б» классынын окуучусу.

Картаны жасоого эл агартуунун отличниги Абдыбеков Байыш демилгечи болгон.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up