Нарындагы Ж.Саламатов мектебинде Желек жана калпак жумалыгы өтүп жатат

Нарындагы Ж.Саламатов мектебинде Желек жана калпак жумалыгы өтүп жатат

Билим АКИpress - Нарын районундагы Жолдон Саламатов атындагы мектебинде Желек жана калпак жумалыгы жарыяланып, анын алкагында атайын иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Алмазбек Ботояров билдирди.

Жумалык 1-марттан 7-мартка чейин улантылат. Дубал гезиттер чыгарылып, ачык, тарбиялык сааттар өткөрүлөт. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар бир жума бою баштарына ак калпак кийишип,желекке урмат көрсөтүшөт. Окуучулар менен мугалимдер мамлекетик символикалар жөнүндө маалымат беришет. Жумалык окуучулар тарабынан даярдалган желек жана калпак жөнүндө ырлар коштолгон чакан программадагы концерт менен жыйынтыкталат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up