Нарын медколледжинин командасы волейбол боюнча мелдештин баш байгесин жеңип алды (фото)

Нарын медколледжинин командасы волейбол боюнча мелдештин баш байгесин жеңип алды (фото)

Билим АКИpress - Нарын шаарынын мекеме–ишканаларында иштеген кыз-келиндер арасында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн волейбол оюну боюнча мелдеште Нарын медициналык колледжинин командасы жеңүүчү болду.

Мелдешке 10 курама команда катышкан. Аталган окуу жайдын командасы мыкты даярдыгын көрсөтүп, өз тайпасындагы бардык атаандаштарын утуп, финалга чыккан. Финалдык айыгышкан оюнда атаандашы Нарын райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун командасын 2:0 эсебинде жеңилүүгө аргасыз кылып, мелдештин байгесин багындырды.

Мелдештин уюштуруучулары тарабынан жеңүүчүлөргө 1-даражадагы диплом, Кубок жана 6 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ошондой эле команданын оюнчусу Жылдыз Артыкбаева «Мыкты оюнчу» деп табылып, диплом жана атайын баалууу белек менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up