Таластык Гүлнура Американын 2 программасына ийгиликтүү өтүп, акысыз билим алып келди

Таластык Гүлнура Американын 2 программасына ийгиликтүү өтүп, акысыз билим алып келди

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Талас районуна карашту Көк-Токой айылынын 19 жаштагы тургуну Жолдошбекова Гүлнура. Ал эл аралык мамилелер боюнча иштешип, АКШдагы университеттен акысыз билим алып келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Жолдошбекова Гүлнура, 1998-жылдын 7-сентябрында Талас районуна карашту Көк-Токой айылында төрөлгөм. Негизинен, англис тилине кызыгуума байкем Жамболот түрткү болгон. 14 жашымдан тарта аракеттене баштап, эң алгач ТМУга барып, 9-10-11-класстардын окуучулары менен курска барып катыштым. Андан соң «ACCESS» программасына тапшырып, ийгиликтүү өтүп, билимимди ошол жаткан уланта баштадым. Ошол мезгилден тарта көп нерсеге көз карашым өзгөрдү десем болот. Убакыттан пайдаланып, мага жардам берген эжекем Канаева Айжамал эжеге терең ыраазычылыгымды билдирем.

Ийгиликтеримдин башаты ошол жактан башталды. Ал жактан жаңы досторду таптым. Ал жактан мен тил эле үйрөнбөстөн, Американын маданиятын да үйрөндүм. Андан тышкары, ар тараптуу долбоорлор менен иштешип, материалдык жардамдарды көрсөтчүбүз. Аны менен катар бир канча лагерлерге барып, лидерлик сапаттарыбызды өркүндөткөнгө да жетиштик.

Лагерлерде кызыктуу, эсте каларлык окуялар болгон. Ошолор менен бөлүшө кетейин. Ысык-Көлгө лагерге бардык. Ал жакка 7 областтын лидерлери чогулганбыз. Ошол учурда бири-бирибизди бөлүп, өзүбүздүн аймактарыбызды коргоп, сөз тийгизбей... Бирок, лагерге берилген убакыт аяктаган соң бир туугандай болуп калганбыз.

ACCESSти аяктагандан кийин дагы бир Американын департаментиндеги «FLEX» программасына күнү-түнү даярданып, тапшырып, ийгиликтүү өттүм. Ал 3 турдан туруп, аябай эле кыйын болду десем болот. Ал программанын максаты — Америка менен лидерлерди алмаштыруу. 2015-жылдын 4-августунда Америкага учтум. Топ-топ болуп, 3 күн учтук. Америкага жеткенде ар бирибиз өзүбүздүн штаттарыбызга тарап кеткенбиз. Мен Алабама штатына баргам. Ал жактагы үй-бүлөм мага аябай жардам беришти. Мурда ушул программа менен барып келгендерден Америкага барганда «кантип эле ата-апа деп айтышат» деп таң калчумун. Өз көзүм менен көрүп анан тушундум.

Менин Америкадагы атам менен апам мага аябай жакшы колдоо көрсөтүштү. Азыркы учурда да сүйлөшүп турам. Ошол жактын университетине барып билим алдым. Ал жактан америкалык ата-энемдин жардамы менен Американын маданиятын, билим берүү системасын, жашоосун, белгилүү жерлерин көрүп келдим. Университетте жөн гана окубастан, спорт менен, кошумча курстар менен алектендим.

Студенттер менен таанышканда мени корей же кытай деп ойлошуптур. Мен кыргызстандыкмын десем, биздин өлкө кайсы жерде жайгашканын билишпейт экен. Түшүндүрө албай, чектешкен өлкөлөрдү айтып, СССРдин курамында болгон десем, «Россия турбайбы» дешкен. Кичине болсо да Кыргызстанды таанытуу максатында 4-5-8-класстар арасында Кыргызстан жөнүндө презентация жасагам», - деди ал.

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up