Тоңдун Тогуз-Булак айылындагы мектепке Америкадан ыктыярчылар келишти

Билим АКИpress - Тоң районунун Тогуз–Булак айылындагы Т.Мырзамамбетов атындагы орто мектебине Америкадан 2 ыктыярчы келди.

5-март күнү аталган Америкадан келген Майкл Крис жана Фиби аттуу ыктыярчылар 10-11-класстын окуучулары менен чай үстүндө баарлашып кайтышты. Баарлашууда эки элдин ынтымакта болуусу жана эки өлкөнүн маданиятынын айырмасы тууралуу кеп козголуп, окуучулар менен англис
тилинде эркин баарлашты. Америка менен Кыргызстанда кандай салт бар экенин билишип, кенен маалымат алууга жетишти. Жалпы жонунан 3 саатка созулган баарлашууда ар кандай оюндар ойнолуп, логикалык суроолор да берилди.

Иш-чаранын негизги максаты — өлкөлөр ортосундагы ынтымакты чындоо. Жыйынтыгында алыстан келген ыктыярчылар окуучуларга ыраазычылык билдиришип, Кыргызстан жакшы өлкөлөрдүн бири экендигин тастыкташты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up