Кара-Көл шаарындагы №1 мектеп-гимназиясында Ак калпак күнү белгиленди

Билим АКИpress - Ак калпак күнүнө карата Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында «Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, калпак кийген киши көрсөң кыргыз деп бил» аталышындагы адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Кечеге шаардын мектептеринде үзүрлүү эмгектенип жаткан агайлар, аталарыбыз катышып, концерттик программага күбө болушту.

Кыргыздын улуттук кийимдерин, ошондой эле ак калпакты ар бир кыргыз баласы башынан түшүрбөй, барктап кийүү керектиги жөнүндө маалымат берилип, окуучулардын жүрөгүндө ыйман уялап, бүтүндөй эл суктанган мекенчил болууга үндөгөн ыр саптары айтылды жана окуучулар улуттук кийимдерди даңазалашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up