Баетов айылындагы Э.Карасартов мектебинде Туу күнүн белгилешти (фото)

Баетов айылындагы Э.Карасартов мектебинде Туу күнүн белгилешти (фото)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде Туу күнү белгиленди. Бул тууралуу мектептин директору Венера Мурзалымбекова билдирди.

Маалым болгондой, 3-март — Кыргыз Республикасынын Туу күнүнө карата аталган мектептин 7-классынын окуучулары жана мугалимдери биргеликте линейка өткөрүштү.

Анда окуучулар КРнын Туусун даңазалаган ураандарды чакырышып, ырларды айтышып, Туунун өзгөчөлүктөрү, мааниси, маңызы, тарыхы туурасында кеңири баяндама жасашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up