Нарын районунда «Жаш талант - 2018» жумалыгы жыйынтыкталды (фото)

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Жаш талант - 2018» жумалыгы өткөрүлдү. Иш-чарада окуучулар ыр, бий, жаш калем, сүрөтчүлүк, айкелчилик, кол өнөрчүлүк, дастан, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, музыкалык аспапта ойноо, төкмөчүлүк боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Жумалыкка 600гө чукул жаш талант катышкан. Бир жума бою алты өрөөндү атайын түзүлгөн калыстар тобу кыдырып, өнөрлүү окуучуларды тандашты. Эми алар жакында өтүүчү райондук сынакка катышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up