Чаектик окуучулар хоккей боюнча облустук мелдештен күмүш медаль тагынышты фото)

Чаектик окуучулар хоккей боюнча облустук мелдештен күмүш медаль тагынышты фото)

Билим АКИpress - Жумгал районундагы Чаек айылынын «Шортон» командасы Нарын облусундагы өспүрүмдөр (2002-2006-жылы туулгандар) арасында өткөн хоккей боюнча ачык биринчиликке катышып, байгелүү 2-орунду камсыз кылышты. Алар уюштуруучулар тарабынан 2-даражадагы диплом жана күмүш медаль менен сыйланышкан.

Ошондой эле, команданын оюнчулары Асанбек уулу Саламат «Мыкты оюнчу» жана Асмакеев Арген «Мыкты чабуулчу» наамдарын алып, диплом, атайын баалуу белектер менен сыйланышты.

Аталган комаданын оюнчулары Чаек айылындагы Мидин Алыбаев атындагы орто мектебинде, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназияда жана Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык Акиев атындагы орто мектебинин 10-11-класстарында билим алышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up