Билим берүү министрлиги акыркы коңгуроодо акча чогултууга жана белек алууга тыюу салды

Билим берүү министрлиги акыркы коңгуроодо акча чогултууга жана белек алууга тыюу салды

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги акыркы коңгуроодо акча чогултууга жана белек алууга тыюу салды. Тиешелүү буйрукка министр Гүлмира Кудайбердиева кол койду. Буйрукка ылайык, республикадагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда саат 9:00дө башталат.

Мектеп директорлоруна акыркы коңгуроону жана башка иш-чараларды көңүл ачуучу мекемелерде өткөрүүгө акча чогултууга, ошондой эле белектерди алууга тыюу салынат. Аталган салтанаттуу иш-чара учурунда окуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлгөн.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө суткалык күзөттөрдү уюштуруу, иш-чарада салют же башка жаракат алып келүүчү каражаттарды колдонбоо, ошондой эле ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүү тапшырылды.

Мектеп директорлоруна бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерин аталган буйрук менен тааныштыруу тапшырмасы берилгенин министрликтен билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up