Э.Мейманов атындагы орто мектебинде Ак калпак күнү белгиленди

Билим АКИpress - Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде Ак калпак күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Иш-чарада калпактын келип чыгуу тарыхы, кадыр-сыйы, душманына сес берер опол тоодой, олбур сүрү жөнүндө, калпакты ыйык тутуп, улуулуктун, тазалыктын символу катары жерге түшүрбөй, бийик кылып кийип жүрүү керектиги айтылды. Андан сырткары, калпакты даңазалаган жөө жүрүш уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up