Жалал-Абадда предметтик олимпиаданын облустук туру жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Предметтик олимпиаданын Жалал-Абад облустук турунда Аксы району 1-орунга чыкты. Бул тууралуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Махабат Мырзаканова билдирди.

Анын айтымында, аталган райондон облустук турга 32 окуучу барып, анын ичинен 7 окуучу республикага жолдомо алды.

«Биздин 5 окуучубуз 1-орунга, 2 окуучубуз 2-орунга ээ болуп, район-шаарлардын арасынан 1-орунга чыкты. Балдарыбыз, буйруса республикалык турга катуу даярдыктарды көрө башташты», - деди М.Мырзаканова.

Жыл сайын мектеп окуучулары арасында өтүүчү предметтик олимпиаданын облустук турунда алдыңкы орунга чыккан 35 окуучу республикалык олимпиадага жолдомо алышты.

Облустук усулдук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, олимпиадага жалпысынан район-шаарлардан 381 окуучу катышып, өз билимдерин сынашты. Жыйынтыгында 17 окуучу 1-орунду, 18 окуучу 2-орунду жана 38 окуучу 3-орунду ээледи.

«Республикалык олимпиадага 35 окуучу бара турган болду. Район-шаарларга бөлүп карасак, Аксы району 1-орунду алды, 2-орунга Ала-Бука, 3-орунга Токтогул району чыкты. Жалал-Абад шаары 4-орунду алды», - деп маалымдашты мекемеден.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up