Ак-Суу районунун О.Элебесов мектебинде ата-энелердин катышуусунда семинар өттү

Билим АКИpress - Ак-Суу районунун Ново-Константиновка айылындагы Осмон Элебесов атындагы орто мектепте «Күчтүү ата-эне – күчтүү окуучу» деген семинар өтүп, ага мектептеги окуучулардын ата-энелери катышты. Беш топко бөлүнгөн ата-энелер кыргыздын макал-лакаптарын чечмелеп, балдарды туура тарбиялоо, мугалимдин коомдогу орду боюнча талкуу жүргүзүштү.

Иш-чаранын соңунда окуучулар апаларын 8-март майрамы менен куттуктап, концерт коюп беришти. Мектептин директору Гүлжан Байсеитова мындай иш-чаралар ата-эне менен мектепти жакындатып эле тим болбостон, ата-энелерди балдарга көбүрөөк көңүл бөлүүгө жана тарбиялоонун жаңы ыкмаларын үйрөтүүгө көмөк көрсөтөрүн айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up