Баткендеги Бужум орто мектебинде Ак калпак күнүнө карата сынак уюштурулду

Билим АКИpress - Баткен районунун Бужум орто мектебинин окуучулары арасында 5-март – Ак калпак күнүнө карата сынак уюштурулду. Иш-чаранын демилгечиси – Баткен РИИБдин жетекчилиги.

Сынакка жогорку класстын окуучулары катышып, патриоттуулукту бийик туткан өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ыр-бийлерди аткарышты. Иш-чаранын максаты – окуучулар арасындагы ынтымакты бекемдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу.

Жыйынтыгында жеңген окуучулар Баткен РИИБи тарабынан даярдалган сыйлыктарга ээ болушту.

Бужум орто мектебинде жалпысынан 804 окуучу билим алат. Аларды тейлеген жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын майору Нарбек Турсунбаев окуучулар арасында ушундай сынактарды үзгүлтүксүз уюштурулуп жатканын, бул аймакта кылмыштуулук жокко эсе экенин айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up