Кытайда акысыз билим алып жаткан Бегимай: Кытайлар жумушун таштай салып, бизге жардам беришет

Кытайда акысыз билим алып жаткан Бегимай: Кытайлар жумушун таштай салып, бизге жардам беришет

Билим АКИpress өлкөнүн аймагындагы үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну Аднаева Бегимай Абдумомуновна. Ал Кытайдын Гуанчжоу шаарында акысыз билим алууда.

«Мен 1997-жылы Ош шаарында төрөлгөм. Ош шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы гимназия-мектебин 2015-жылы бүтүргөн соң көпкө ойлонуп, Бишкек шаарындагы Бишкек гуманитардык университетинде кытай тили адистиги боюнча билим алып баштадым. Лингвистика адистигинде окуп жүргөндө «2+2» деген келишимдик программа боюнча «HSK» сынагын тапшырып, Кытайдын Гуанчжоу шаарына окууга өттүм.

HSK сынагында 6 тур болот. 6 турду тапшыруу кыйын болду. Мен 4-турдан өткөндө окууга кабыл алындым. Өтүп кеткенде сүйүндүм. Ата-энем да абдан кубанып, каршы болушкан жок. Себеби чет жакта окуу – менин балалык кыялым эле.

Кытайга биринчи учуп келгенде кыйынчылыктар болгон эмес. Алардын тамактары биздикинен абдан эле айырмаланат, бирок «издеген адам табат» дегендей, мусулман кафелерди таптык. Кытай элинин чет өлкөлүктөргө болгон мамилеси абдан жакшы. Мисалы, банкка барып бир нерсе түшүнбөй калсаң, кызматкерлери жумушун таштап салып, бизге жардам беришет.

Университеттеги мугалимдер да абдан жакшы, сабактарды да кызыктуу өтүшөт. Келечектеги пландар чоң, айта берсем бүтпөйт. Ошондуктан келечекти пландаштырганда алдыңкы 1-2 жылга гана түзөм. Буйруса, келерки 2 жылда бакалавриатты бүтүп, магистратурада окуумду улантам», - дейт Бегимай.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти Наргида Маликова

Сиз дагы мектептеги кызыктуу окуялар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up