Жаңы-Тилек айылынын окуучулары ата-энелерге концерт тартуулашты

Билим АКИpress - Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылынын С.Жусупбаев атындагы орто мектебинин окуучулары 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Апакем – менин күнүм» аталышындагы концерт тартуулашты. Бул тууралуу аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Рысбекова билдирди.

Маалым болгондой, 7-март күнү аталган мектептин окуучулары ата-энелерге концерт тартуулап, куттуктоо менен бирге эне жөнүндө ырларды ырдашып, кызыктуу оюндарды ойнотушуп, бийлеп беришти. Энелерге арналган сатиралык интермедиялар да көрсөтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up