Кош-Дөбөдөгү мектепте «Мисс биология» сынагы болуп өттү

Кош-Дөбөдөгү мектепте «Мисс биология» сынагы болуп өттү

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучулары арасында «Мисс биология» сынагы болуп өттү.

Сынактын негизги максаттарынын бири — окуучулардын биология сабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана алган билимди турмушта пайдалана билүү.

Сынакта төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:
1. «Мен киммин? Мен эмнемин?»
2. «Ким ылдам? Ким акылдуу?»
3. «Өсүмдүктөрдү өз тобуна жайгаштыр»
4. «Кожойкелер: угут өндүрөбүз»
5. «Жаныбарлардын органдарын табуу»
6. «Күйөрмандар сынагы».

Жыйынтыгында «Мисс биолигия» наамын Мейманбек кызы Мимоза, «Мисс ботаника» наамын Сыргак кызы Айхан, «Мисс зоология» наамын Өмүркул кызы Бурулсун жана «Мисс анатомия» наамын Тагайбек кызы Астра жеңип алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up