Кара-Көл шаарында энелер мектебин ачуу пландалууда

Билим АКИpress - 9-март күнү Илимдер академиясынын Тарых иниститутунун илим-изилдөөчүсү, Баткен облусунун Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясынын директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов шаардагы мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрүштү.

Гапыр Мадаминовдун айтуусунда, окуучу — бүркүт, ал эми ата-энелер менен мугалим — анын канаттары. Балдардын билим сапатын көтөрүүдө алардын ата-энелери менен тыгыз байланышып, аларды да окутуу керектигин баса белгиледи. Гапыр Мадаминов жетектеген эксперименталдык гимназиянын бүтүрүүчүлөрү жыл сайын жалпы республикалык тестирлөөдөн ар дайым ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүшөт. Республикалык предметтик олимпиадада 1-орунду багындырып, эл аралык олимпиадаларга чейин катышып, жемиштүү жыйынтык берип келүүдө. Ошондуктан Кара-Көл шаарындагы билим сапатын жогорулатуу, тажырыйба алмашуу жана ийгилик сырларын, окутуу ыкмаларын үйрөнүү максатында Гапыр Мадаминов менен жолугушуу лекциялары өтүп, ата-энелерге, жалпы республикалык тестирлөөгө катышуучу бүтүрүүчүлөргө жана мугалимдерге атайын семинар-тренингдер өткөрүлдү.

Ал эми шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиеванын айтымында, мындан ары Г.Мадаминов менен тыгыз байланышта болуп, тажырыйба алмашуу иштери улантылат. Кара-Көл шаарында дагы энелер мектебин ачып, ата-энелер менен чогуу мугалимдер окуучулардын билим деңгээлин өркүндөтүү иштери жүргүзүлөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up