Кызарттын балбан окуучулары облустук мелдештен байгелүү орундарды багындырышты (фото)

Кызарттын балбан окуучулары облустук мелдештен байгелүү орундарды багындырышты (фото)

Билим АКИpress - Жумгал районундагы Кызарт айылынын Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебинин балбан балдары А.Жапаковдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча облустук мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту.

Нарын шаарындагы мелдешке райондордон 120дан ашуун балбан катышып, 10 салмактык чен бирдикте ат салышты.

36 кг салмактык даражада Доктурбеков Амантур бардык атаандаштарын жеңип, 1-орунга чыгып, облустун чемпиону наамын жеңип алды. Ушул эле салмакта 2-орунду Өмүрбек уулу Айдин, 3-орунду Доктурбек уулу Жакшылык ээлешти.

Тынчтыкбек уулу Акжол 69 кг салмакта күрөшүп, 3-орунду камсыздады.

Мелдешке аталган айылдан 7 балбан барып, төртөө байгелүү орундарга ээ болушкан. Аларды Бакытбек Аманидинов машыктырып келет. Учурда аталган мектепте 30га чукул окуучу кыргыз күрөшү менен машыгат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up