Кара-Буура районунда «Биринчи мугалим» чыгармасындагы Дүйшөндүн жаркын элесине арналган турнир өттү

Билим АКИpress - 10-март күнү Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасындагы мугалим Дүйшөндүн жаркын элесине арналган волейбол боюнча турнир болуп өттү. Турнирге 10 айылдын ичинен 7 айылдагы балдар-кыздар катышып, төмөнкүдөй жыйынтыкка ээ болушту:

Кыздар арасында:

1-орунду жана кубокту Көк-Сай айылынын кыздар командасы жеңип алды;
2-орунду Бакайыр айылынын кыздар командасы алды;
3-орунду Шекер айылынын кыздар командасы ээлешти.

Балдар арасында:

1-орунду жана кубокту Бакайыр айылынын окуучу балдары жеңип алышты;
2-орунду Шекер айылынын окуучу балдары алышты;
3-орунду Молотов айылынын балдары ээлешти.

Оюн эртең мененки саат 10:00дө башталып, кечки саат 18:00дө бүттү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up