Өкмөт аппаратынын жаш бөлүм башчысы Илимдер академиясынын окумуштууларын сынга алды

Өкмөт аппаратынын жаш бөлүм башчысы Илимдер академиясынын окумуштууларын сынга алды

Билим АКИpress - Кыргыз өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бейшеналиев, бүгүн, 13-мартта Улуттук илимдер академиясынын жыйынтыктоочу жыйынында сөз сүйлөп, окумуштуулардын аткарып жаткан иши боюнча өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, Илимдер академиясында консервативдик мамиле болуп жатат, ал эми көпчүлүк илимий иштердин темалары актуалдуу эмес. «Өзүбүздү жаңылабай жатабыз. Көрүп жатасыздыр, доор өзгөрүүдө. Ошого жараша биз дагы илимдин нугун жаңы агымга, жаңы багытка бурушубуз керек. Жазылып жаткан илимий иштер мамлекеттин өнүгүшүнө, экономикасына салым кошпой жатса, анда мында көйгөй бар», - деди ал.

Ошондой эле, ал Кыргызстанда азыркы кезге чейин дүйнө жана аймактардын тарыхы тууралуу илимий иштердин жоктугун сынга алып, диссертациялык кеңештин жоктугун белгиледи. «Атамекен тарыхы боюнча диссертациялык кеңеш бар, бирок бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда дүйнө тарыхы тууралуу диссертациялык кеңеш жок. Биз качанкыга чейин өзүбүздү эле изилдеп жүрө беребиз? Биз качан региондун алкагына, дүйнөлүк масштабга чыгабыз? Качан дүйнөнү изилдейбиз? Же, биз, кыргыздар өзүбүздү изилдеп жүрүп өтүп кетебизби? Илимий иштерде ар дайым «Кыргызстан» деген сөздү кошконго умтулабыз. Ушул алкактан чыксак», - деп айтып өттү ал.

Бейшеналиевдин пикиринде, илимдин дагы башка көйгөйү — бул илим менен коомдун өз ара байлынышы болбой жаткандыгында. «Илимий иштерибизди терминология менен кооздоп жазабыз, алар жөнөкөй адамдардын түшүнүүсү үчүн жалпак тилде жеткирүүнү ойлонбойбуз», - дейт ал.

Бейшеналиевдин айтымында, «муну менен жүрүп отурсак окумуштуулар гана түшүнгөн илимий тилдин деңгээлинде чектелип кала беребиз».

Ал ошондой эле окумуштууларды жазган макалалардын санын өлчөөнү токтотууга чакырды. «Канча илимий иштерди биз патенттештиребиз, канча долбоорго катышабыз? Мына ушундай суроолорду биз эске алышыбыз зарыл», - деп билдирди өкмөттүн өкүлү.

Андан кийин сөз сүйлөгөн 91 жаштагы окумуштуу Мамбет Мамакеев өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысына «балам» деп кайрылып, академиктер сынды туура кабыл алаарын айтып, өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган жаш командага Алмаз Бейшеналиев аркылуу жылуу пикирлерин билдирди.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up