Лейлектеги мектептерде жол кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (фото)

Лейлектеги мектептерде жол кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (фото)

Билим АКИpress - Баткен облусунун бардык район-шаарларында 28-феврарлдан 14-мартка чейин «Көңүл бургула, балдар» аталышындагы рейд жүрүүдө.

Иш-чара Лейлек районунда да өткөрүлдү. Исфана шаарынын Исфана орто мектебинде, Кулунду айылынын И.Разаков атындагы орто мектебинде, В.И.Ленин атындагы орто мектебинде жана Сүлүктү шаарында агай-эжекелер, жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыгын алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарада балдарын билим берүү мекемелерине жөнөткөндө жолдо жүрүү эрежелерин туура үйрөтүү үчүн ата-энелерди жол кыймылын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууга чакырышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up