Ак-Талаанын окуучусу Сингапурдагы менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 2-орунду камсыздады

Ак-Талаанын окуучусу Сингапурдагы менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 2-орунду камсыздады

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Канатбек уулу Дастан менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиададан 2-орунду ээледи. Бул тууралуу мектептин директору Үрүстөм Күсөрмамбетов билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектепте менталдык арифметика ийрими ачылганына 2 жыл болгон. Бул ийримде мугалим Нургүл Макелеева билим берип келет.

«9-10-11-март күндөрү Сингапур өлкөсүндө 21 мамлекеттин окуучуларынын катышуусунда менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиада болуп өттү. Кыргызстандан 4 окуучу катышты. Алардын ичинен Канатбек уулу Дастан 2-орунду камсыздап, Ак-Талаага ийгилик алып келе жатат. Абдан кубанып турабыз. Буюрса, эртең келет. Салтанат менен тосуп алабыз», - деди мектептин директору.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up