Кочкор-Атадагы кесиптик лицейдин директору пара алып жаткан жеринен кармалды

Кочкор-Атадагы кесиптик лицейдин директору пара алып жаткан жеринен кармалды

Билим АКИpress - Башталгыч кесиптик билим берүү агенттиги Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы №77 лицейдин директору пара алууга шектелип жаткан маалымат боюнча кызматтык териштирүү ишетрин баштады. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

«Аталган териштирүүнүн жыйынтыгы менен, ошондой эле Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын териштирүү иштеринин негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт», - деп билдиришти өз кезегинде Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинен.

Мурдараак Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы №77 кесиптик лицейинин директорунун кармалышы тууралуу маалымат берген. Маалыматка боюнча, директорго арызды жеке ишкер Ч.А. жазган.

2018-жылдын февраль айында лицей тамак-аш тейлөө менен камсыз кылуу үчүн тендер өткөрүп, анын жеңүүчүсү болуп жеке ишкер Ч.А. табылганы аныкталды. Келишим түзүлүп, анын шарты боюнча аткарылган иштери үчүн Ч.А.нын эсебине ай сайын 20 миң сомдон ашык акча түшүп турмак.

«Бирок лицейдин жетекчилиги ар бир ай сайын төлөнгөн акча каражаттардын 90%ын берүүнү талап кыла баштаган, анда да тиешелүү кагаздарга кол коюп, толук сумманы алуучу катары жеке ишкердин мөөрүн койдурууну талап кылышкан», - дешти Ч.А.нын сөзү менен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан.

Арыз кабыл алынып, аталган мамлекеттик кызматтын кызматкерлери менен Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан №77 лицейдин директору 19 миң 400 сом көлөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Аталган кызматтын топтогон материалдары боюнча, Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан КРнын кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара талап кылуу» жана «Кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам 2 айга Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up