Кыргызстандагы 5 билим берүү мекемеси 121 миӊ доллар суммасындагы гранттарды алышат

Билим АКИpress - Республиканын бир катар билим берүү уюмдарына билим берүү шарттарын жакшыртууга 121 миӊ доллар өлчөмүндөгү гранттык жардам алышат. Гранттар Талас облустук чет тилдер лицей-комплексине, Талас агрардык-экономикалык колледжине жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун бир катар мектепке чейинки билим берүү уюмдарына Япония Өкмөтүнүн «Өсүмдүк тамыры жана адамзат коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында бөлүнүүдө.

Жалпы өлчөмү 51 миң 577 долларды түзгөн курулуш материалдарды мекемелерди калыбына келтирүү үчүн Кара-Кулжа, Кара-Кочкор жана Жийде айылдарынын бала бакчалары алышат.

Талас облустук чет тилдер лицей-комплекси жалпы өлчөмү 2 миң 525 долларга ашкана эмеректерин, флип-тактайларын, китеп текчелерин, мугалимдер үчүн столдорду, парталарды, ашканага отургучтары менен столдорду жана башкаларды алат.

Талас агрардык-экономикалык колледжи жалпы өлчөмү 44 миң 685 долларга ашкана эмеректерин, столдорду, отургучтарды, атайын капталган мектеп тактайларды, пластик терезелерин, китеп текчелерин, радиаторлорду, насосторду жана башкаларды алат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up